7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сүйүнчү! Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ЮНЕСКОнун тизмесине кирди

1355

Дүйнөлүк көчмөндөр оюну ЮНЕСКОнун тизмесине кирди. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда ЮНЕСКОнун 16-сессиясында белгилүү болду.

Белгилей кетсек, бүгүн, 16-декабрда саат 15:45 — 16:10 аралыгында ЮНЕСКОнун штаб-квартирасында (Париж, Франция) онлайн форматта Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитеттин 16-сессиясында Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун карады. Ал эми Кыргыз улуттук тарых музейинде онлайн форматта чагылдырылды.

“Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: мурастардын кайра жаралуусу, маданий көп түрдүүлүктүн салтанаты” бул Тизмедеги Кыргыз Республикасы тарабынан сунушталган биринчи номинация. Жалпысынан Комитеттин жыйынында быйыл ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизүү үчүн дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн 59 номинация каралып жатат, анын ичинде «Италияда трюфельдерди издөө жана казып алуу: салттуу билимдер жана тажрыйбалар», « Голландиядагы гүлдөр жана мөмө-жемиштердин фестивалы”, “Таиланддын түштүгүндөгү Нора бий драмасы” жана башка номинациялар.

Белгилей кетсек, 4 жылдык мөөнөткө шайланган ЮНЕСКОго мүчө-өлкөлөрдүн 24 өкүлү кирген Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитет жылына бир жолу чогулат. Номинацияларды ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизүү эл аралык деңгээлде материалдык эмес маданий мурастарды кеңири жайылтууга салым кошууну көздөйт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1356