Сүлүктү шаарындагы сайдан табылган сөөктүн өздүгү аныкталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 15-апрелде Лейлек райондук өзгөчө кырдалдар бөлүмүнө түшкөн маалыматта Сүлүктү шаарынын Тытты тоо тилкесиндеги сайда белгисиз жарандын жансыз денеси жаткандыгы айтылган.
Жерине 5 куткаруучу тартылып, каза болгон белгисиз жарандын сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Такталган маалыматка ылайык, маркумдун өздүгү аныкталып, Сүлүктү шаарына караштуу Караул-Кыштак айылынын 1979-жылы туулган К.Н.Б. экендиги такталган.