7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2022
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
13°C

«Тазалык» муниципалдык ишканасында 55 млн сомго жакын мыйзам бузуулар аныкталды

224

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын айрым кызматкерлери шаардык кызматтын мурдагы жетекчисин кайра дайындоо талабы менен митингге чыгышты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мурунку жетекчиликтин 2019-2020-жылдар аралыгындагы ишинин жүрүшүндө Эсеп палатасы жана Бишкек шаарынын мэриясынын Ички аудит башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн аудитордук  текшерүүлөрдүн жыйынтыгында мыйзам бузуулар аныкталган.

«Эсеп палатасынын текшерүүсүнүн жыйынтыгында абоненттер менен иштөөдө мыйзам бузуулар аныкталган. Бул иш Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдын 29-октябрындагы №136 токтомун бузуу менен жүргүзүлүп, 7 339 300 сомдук зыян келтирилген. Ошондой эле, бекитилген сметада каралбаган тейлөө кызматкерлерине кошумча төлөмдөр боюнча 42 321 900 сомдук мыйзам бузуулар аныкталган. «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамынын талаптарын бузулгандыктан дал келбеген сумма 35 348 300 сомду түзгөн. Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилиги мыйзамдарына ылайык Эсеп палатасынын даярдалган корутундусунун алкагында зарыл чараларды көрөт.

Мындан тышкары, Бишкек шаарынын мэриясынын Ички аудит башкармалыгы тарабынан «Тазалык» МИнин 2019-2020-жылдар аралыгындагы финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүнө аудит жүргүзүлдү»,-деп берилет маалыматта.

Ал эми текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 54 882 000 сомдук мыйзам бузуулар аныкталган.

Анын ичинде:

  • 25 793 900 сом — келишимдерди негизсиз түзүү, жасалма өткөрүлгөн конкурс, аванстык төлөмдөр жана башкалар;
  • 15 707 000 сом — муниципалдык заказдын эсебинен негизсиз сый акы акы төлөө;
  • 6 101 800 сом — күйүүчү-майлоочу материалдарды негизсиз эсептен чыгаруу;
  • 4 558 400 сом — негизсиз орнотулган жана иштен чыгарылган тетиктер;
  • 1 227 900 сом — товардык-материалдык баалуулуктардын жетишсиздиги;
  • 455 000 сом — каражаттарды негизсиз эсептен чыгаруу.

Бул текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча материалдар юридикалык баа берүү жана зарыл чараларды көрүү үчүн тиешелүү укук коргоо органдарына жөнөтүлдү.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

225