Бишкекте айдоочу электрондук самокат тээп бараткан кызды сүзүп кетти. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, бүгүн болжол менен саат 11:20 чамасында 1999-жылы туулган Ы.Б. аттуу айдоочунун башкаруусундагы «Нексия» үлгүсүндөгү авто унаа А.Токомбаев көчөсү менен күн батышты көздөй бара жатып, жөө өтмөкөн элктрондук самокат тээп өтүп бара жаткан 2006 –жылы туулган кызды сүзүп алган.
Жол кырсыгынын жабыркаган кыз №3 ооруканага жеткирилген.
Учурда айдоочунун авто унаасы убактылуу айып короо жайына токтотулуп, кайгуул кызматкерлери тарабынан жол кырсыгын каттоо иштери уланууда.