7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамга кол койду

555

Президент Садыр Жапаров «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеши тарабынан 2022-жылдын 6-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты ресурстарды натыйжалуу жана үнөмдүү пайдалануу жолу менен максималдуу пайдага жетүү, туруктуу өнүктүрүү жолу менен улуттун бакубаттыгын жогорулатуу болуп саналат.

Мыйзам мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө жана коррупцияны минималдаштырууга багытталган. Мында, мамлекеттик сатып алуулардын 4 методу (чектелбеген, чектелген, котировкаларды сурап алуу, бир булактан алуу) каралган.

Мындан тышкары, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын, ошондой эле уставдык капиталга катышуу үлүшүнүн 50 жана андан көп пайызы мамлекетке таандык болгон акционердик коомдордун, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдорунун сатып алуулары Мыйзам тарабынан жөнгө салынбай тургандыгы белгиленген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

556