7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сүлүктү шаарында 4,2 млн сомго жаштар аллеясы курулду

450

Сүлүктү шаарында «Жаш Тилек» жаштар аллеясы салтанаттуу түрдө пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдирди.

Иш-чарага мэр Болот Абдыжапаров баштаган жергиликтүү жетекчилер жана шаар тургундары катышты. Аллея шаардын муниципалдык багынын аймагында курулган. Анда 210 метрге асфальт төшөлүп, таштанды урналары менен 15 отургуч, түнкү жарыктандыруу жана арка орнотулган. Ошондой эле 80ден ашуун ийне жалбырактуу көчөттөр отургузулган.

Курулушка жалпы 4,2 млн сом жумшалган. Анын ичинен 3 млн 670 миң сому Баткен облусун өнүктүрүү фондунан, 518миң сому жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланган.

451