7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

С. Жапаровдун Салык кызматкеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада сүйлөгөн сөзү

377

Президент Садыр Жапаровдун Салык кызматкеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада сүйлөгөн сөзү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-июлда, өлкөнүн Салык кызматынын кызматкеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчысынын сөзү:

“Урматтуу Кыргыз Республикасынын Салык кызматынын кызматкерлери!

Кадырлуу биздин ишкерлер!

Урматтуу жыйын катышуучулары!

Бүгүн биз өлкөнүн социалдык-экономикалык жактан туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга чоң салым кошкон тармактардын бири Салык кызматынын кызматкерлеринин майрамын белгилөө үчүн чогулуп отурабыз.

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Сиздердин натыйжалуу ишиңиздердин аркасында маанилүү экономикалык жана социалдык программаларды аткарууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Учурда салык мыйзамдарынын сакталышы көзөмөлдөнбөгөн бир дагы өндүрүш тармагы жана социалдык чөйрө жок.

Бардык эле мезгилдерде салык төлөөдөн качуу коом алдында эң кооптуу кылмыштардын бири катары каралып келген. Салык төлөөчүлөр өздөрүнүн милдеттерин так жана өз убагында аткарып, салык төлөмдөрүн толук көлөмдө  убагы менен берип тургандай абалга жетүүгө умтулушубуз керек. Мына ошондо гана Салык кызматынын чындап иштеп жатканына күбө болобуз. Кудайга шүгүр, бул багытта акырындап жылыштар башталды. Буга салыктык түшүүлөрдүн көлөмү өткөн жылдагыга салыштырмалуу бир топ көбөйгөндүгүн далил катары белгилей кетсек болот.

Сиздердин ишмердигиңиздердин аркасында 2021-жылы мамлекеттик бюджеттин кирешесине 105,7 млрд сом келип түшсө, 2022-жылдын соңунда болжол менен 155,6 млрд сом жыйналары, же дээрлик 50 млрд сомго көбөйөрү күтүлүүдө.

Мындай натыйжага жетүүгө силерден күн-түн дебей иштөө талап кылынат жана бул максатка жетесиздер деп ишенебиз.

Мен буга чейин мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири экономиканы көмүскөдөн чыгаруу деп ар дайым айтып келем. Буга байланыштуу фискалдык чөйрөдө реформа жүргүзүү аракетин көрүп келебиз.

Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун алкагында, электрондук эсеп-фактуралар, товардык-транспорттук коштомо кагаздар, ККМ-онлайн, товарларды маркалоо, май куюучу жайларды башкаруунун автоматташтырылган системасы, “Жыйынды пост” сыяктуу салыктык башкаруунун жаңы инструменттери толук кандуу киргизилгенден кийин экономиканы көмүскөдөн алып чыгуу максатына жетебиз деп ойлойм.

Биз экономикалык жана финансылык татаал шарттарга карабастан, өлкөнүн мамлекеттик бюджетине салыктык түшүүлөрдү көбөйтүү менен туруктуулукка жетишүүбүз керек. Муну менен биз мамлекеттин социалдык-экономикалык программаларын аткаруу боюнча кепилдик берүүгө жетишебиз.

Уважаемые работники налоговой службы!

Уважаемые гости!

В настоящее время перед нами стоят задачи по борьбе с инфляцией и обеспечению положительной динамики роста экономики. Для решения этих задач мы должны принять меры по привлечению инвестиций, созданию самых благоприятных условий для ведения бизнеса.

Необходимо отметить, что за последние годы в этом направлении достигнуты значительные успехи. Это, прежде всего:

– принятие нового Налогового кодекса, введенного в действие с 1 января 2022 года, который предоставляет возможности для создания благоприятного инвестиционного климата, условий для добросовестной конкуренции и выявления незаконного товарооборота. Внесенные изменения направлены на поддержку отечественных производителей, создание эффективных инструментов для вывода отечественной продукции на зарубежные рынки, защиту добросовестного бизнеса и вывод экономики из тени;

— проведение активной работы по внедрению масштабных проектов в рамках цифровизации экономики, в том числе фискализации налоговых процедур, направленных на создание благоприятных условий для бизнеса.

Мировой опыт показывает, что электронные технологии налогового администрирования, исключающие личный контакт налогоплательщика с чиновниками, не только значительно облегчают процесс уплаты налогов, создают благоприятные условия для налогоплательщиков, но и снижают возможности коррупционных проявлений.

Большая роль также отводится повышению сознательности и грамотности потенциальных налогоплательщиков в отношении вопросов налогообложения, что способствует пополнению государственной казны и развитию экономики.

Урматтуу жыйындын катышуучулары!

Бүгүн биздин арабызда өлкөбүздүн экономикасынын өнүгүүсүнө чоң салым кошуп, алдыга сүрөгөн ишкерлерибиз да отурат. Учурдан пайдаланып, сиздерге да кайрылып кетүүнү туура көрүп жатам.

Силердин ак ниет ишмердүүлүгүңүздөр мамлекеттин экономикасына чоң жардамын тийгизип  жатканын баса белгилей кетейин. Миңдеген жумуш орундары силердин мээнетиңер менен түзүлүүдө. Өз маалында мамлекет дагы силерге көңүл буруп, колдоп-коштоп, тиешелүү шарттарды түзүп берүүгө аракет кылып жатат. Мындай аракеттерибиз менен бирге дагы бир жакшы саамалыкты жарыялап коеюн. Кыргыз Республикасынын ишкерлеринин статусун жана беделин жогорулатуу боюнча Жарлыкка кол койдум.

Жарлыктын негизинде «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишкери» наамы киргизилип жатат. Эми биздин экономикага салым кошкон, ушул наамга ээ болгон ак ниет ишкерлерибизге Кыргыз Республикасынын кызматтык паспортун алуу укугу берилет, алар аэропорттордо расмий делегациялар залы, бизнес-залдар, VIP-залдар аркылуу акысыз өтө алышат. Ошондой эле эмгек сиңирген ишкерлер Кыргыз Республикасынын Президентинин чет өлкөлөргө иш сапары учурунда мамлекеттик жана расмий делегациялардын курамына да киргизилет.

Азыркы учурда биздин өлкөдө 700 000ден ашуун салык төлөөчү бар экендигин белгилей кетүү керек. Алардын ичинен 3 миңге жакын салык төлөөчү,  же ишкерлерибиз мамлекеттик бюджетке төлөнгөн салыктардын жалпы суммасынан 80 пайызын берет. Ага кошумча ал ишкерлерибиз биздин жарандарды жумуш орундары менен камсыз кылууда.

Бүгүн талыкпаган эмгеги аркылуу өлкөбүздүн экономикасын өнүктүрүүгө салым кошкон, өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук максаттарына жетүүгө, экономикалык жана социалдык программаларды аткарууга көмөктөшкөн Кыргызстандын салык төлөөчүлөрүнө, ишкерлерине да ыраазычылык билдире кетейин!

Урматтуу салык кызматынын кызматкерлери!

Урматтуу жыйындын катышуучулары!

Тизмектелген багыттарда салык кызматы өз ишин улантууга тийиш. Мунун баары – адилеттүү коом куруу, жарандарыбыздын татыктуу жашоосу, өлкөнүн динамикалуу өнүгүшү менен түздөн-түз байланышкан сиздердин күнүмдүк, талыкпаган эмгегиңиздер. Анын натыйжасында жогоруда белгиленген реформаларга жетебиз деп үмүт кылам.

Мамлекет тармактардын ишин алдыга жылдырууда алгач ошол тармактын ишин илгерилетип, өнүктүрүүнү талап кылуу менен бирге, ал тармактагылардын шарттарына да көңүл бурууда. Буга чейин социалдык чөйрөдөгү кызматкерлерибиздин айлыктары көтөрүлгөнүн билесиздер. Ошол бюджет тармагындагылар менен кошо сиздердин дагы эмгегиңиздерди татыктуу баалоо максатында маянаңыздар көтөрүлдү.

Урматтуу салык кызматкерлери, сиздер өлкөнүн экономикалык климатын жакшыртууда негизги стратегиялык маанидеги кызматтардын бири катары өз милдетиңиздерди ийгиликтүү аткара аласыздар деп бекем ишенем. Биз биргелешкен жалпы күч-аракетибиз менен Кыргызстанды ар бир жаран өзүнүн талантын, акылын, билимин жана эмгекчилдигин татыктуу колдоно алган, гүлдөгөн жана бакубат мамлекетке айлантабыз.

Бардык салык кызматкерлерине жаңы-жаңы жетишкендиктерди, жоопкерчиликтүү ишиңиздерде кесипкөйлүктү, сабырдуулукту, туруктуулукту, чынчылдыкты каалайм. Сиздерге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт тилейм.

Дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен!”.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

378