28-ноябрда Кыргызстан боюнча Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо өттү. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо бирдиктүү округдагы добуштардын кол менен 61,15 пайызы саналып бүттү.
Ага ылайык, жалпы 2 миң 494 шайлоо тилкесинен 1525 участканын маалыматы келип түштү. Ал 61,15 пайызды түзөт.
Кол менен эсептөөнүн 10:00гө карата алдын ала жыйынтыгы:
- “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы — 15,87%;
- “Ишеним” партиясы — 13,35%;
- “Ынтымак” партиясы — 12,61%;
- “Альянс” партиясы — 7,42%;
- “Ыйман Нуру” партиясы — 6,89%;
- “Бүтүн Кыргызстан” партиясы — 6,28%.
- “Эл үмүтү” партиясы — 5,01%;