7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2022
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
29°C

Сабиров: Санариптештирүү жарандардын жашоосун түп-тамырынан бери өзгөртөт

46

Вице-премьер-министр Равшанбек Сабиров видеоконференция режиминде санариптик трансформация боюнча республикалык координациялык штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.


Жыйында 2020-жылга карата санариптештирүү жаатында мамлекеттик, муниципалдык жана борбордук бийлик органдарынын иш-аракеттеринин жыйынтыктары, ошондой эле санариптик өнүгүү боюнча Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин иш-чараларын жүзөгө ашыруу жыйынтыктары чыгарылды.


Жыйындын жүрүшүндө вице-премьер-министр «Санариптик Кыргызстан 2019-2023» санариптик трансформация концепциясын ишке ашыруу боюнча «Жол картасынын» алкагында коюлган тапшырмаларды мамлекеттик бийлик органдарынын аткаруусунун көрсөткүчтөрүн камтыган Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин отчетун укту.


«Санариптештирүү жарандардын жашоосун түп-тамырынан бери жакшы жакка өзгөртөт. Күчөтүлгөн тартипте иштөөнү уланта беришибиз керек. Белгиленген иш-чараларды аяктоо менен чектелбестен, жаңы маалыматтык технологияларды киргизүү боюнча иш алып баруу зарыл», — деди вице-премьер-министр Равшанбек Сабиров.
Вице-премьер-министр 2021-жылга интерактивдүү кызматтардын спектрин кеңейтүү, ошондой эле активдүү мамлекеттик кызматтарды, анын ичинде Көлөмдүү маалыматтар (Big Data) аналитикасын көрсөтүүнү баштоо милдетин койду.


Мындан тышкары аймактарда интернеттин ылдамдыгын жогорулатуу жана министрликтер менен ведомстволордун долбоорлоруна финансылык колдоо көрсөтүү боюнча тапшырмалар берилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

47