7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

САДЫР ЖАПАРОВ: “АДАЛ ИШТЕП, АКЫЙКАТ ЖАШАП, АК КЫЗМАТ ӨТӨШҮБҮЗ КЕРЕК”

189


Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Садыр Жапаровдун
үгүт кербени Жалал-Абад облусунун аймагында уланып жатат. Кербендин
кезеги мунайчылардын шаары болгон Кочкор-Ата шаарына жетип,
жолугушууга Ноокен районунун тургундары катышып, Садыр Жапаровду
жылуу тосуп алышты. Садыр Жапаров элге кайрылып, колдоо көрсөтүп
келгендери үчүн терең ыраазычылыгын билдирди. Өсө турган эл эч качан
эмгектенүүдөн чарчабашын айткан Садыр Жапаров, көп улуттуу өлкөнүн
жарандарынын ынтымагы, биримдиги аркылуу мамлекетибизди өнүктүрүп,
кийинки урпактарга гүлдөгөн Кыргызстанды тапшырууга чакырык таштады.
Ага улай эле, 10-январда Кыргызстан өзүнүн келечек жолун аныктай турган
күн экенин, президенттик шайлоо менен катар мамлекет мындан ары
башкаруунун кайсы түрүнө өтүүгө тандоосун жасай турганын кошумчалады.


“Мен, касиеттүү Жалал-Абад жергесине, мунайчылардын куттуу
шаары, Кочкор-Атага, Сиздердин батаңыздарга ээ болсом, ошондой эле биз
менен идеялаштардын, мүдөөлөштөрдүн, тилектештердин катарын
көбөйтүү үчүн келдим.
Анткени, алдыбызга койгон мекенчил мүдөөнү, ыйык жана бийик
мүдөөнү жүзөгө ашыруу зарылчылыгы – бийик адамдык сапаттарга
муктаж. Ошондуктан руханияты бийик мекенчилдерди, жүрөгүндө жалы
бар шерлерди, акылга бай интеллектуал досторду издеп келдим!
Биз менен идеялаш, тилектеш, өзөктөш болуу деген – бул экономикасы
очорулуп, белчесинен карызга баткан өлкөбүздү куткаруу үчүн карууну
казык кылып ак иштөө!
Ала-Тоонун азаттыгы, ак калпак кыргыздын мамлекеттүүлүгү үчүн
антка-шертке бекем туруу!
Кыргызстан достукту ыйык деп санаган көп улуттуу өлкө. Кыргыз
эли жана ар кыл улуттун ардактуу өкүлдөрү достук менен ынтымак-
ырыскыны бийик кармап, гүлдөгөн Кыргызстанды курууга аракет жасайт!
Келиңиздер, эзелтен келаткан ата-бабабыздын каада-салтын, нарк-
насилин, акылман кептерин акылга түйүп, тынчтык үчүн, достук үчүн
келечекке чогуу кадам таштайлы!
Алдыда боло турган шайлоодо өз талапкерлигимди көрсөтүп, Сиздер
менен кеңешип, Сиздердин ак батаңыздарга арзып, Сиздердин
ишеничиңиздерди актасам дейм!”
– деп билдирди.

Жолугушуу адатка айлангандай эле суроо-жооптор менен коштолуп, Кочкор-
Ата шаарынын жана Ноокен районунун жашоочулары тарабынан берилген
ар бир суроого Садыр Жапаров кеңири токтолуп, жооп берди.
“Кочкор-Атадагы «Кыргызнефтегаз» ишканасына Кочкор-Атадан башчы
дайындап бериңиз” – деген суроого жооп берип жатып, жалпы
Кыргызстандыктардан жердешчилик деген жаман адаттан арылууга мезгил
келгенин айтты. Кудай буйруп, жеңишке жетсе кызматкерлерди ачык сынак
менен тандап алып, ротациялоо аркылуу кызматка дайындайм деген Садыр
Жапаров, мунун себеби, коррупциянын тамырын кыркып, элибиздин
ынтымагын бекемдөөгө шарт түзөөрүн белгиледи.


Келечекке кызмат – бүгүндөн башталат!

Аткаруучу: « _ 7tv.kg______ » ; дареги: Кыргыз Республикасы,
Бишкек ш., Бишкек шаары, Байтик Баатыр көч: 53

. Буюртмачы: Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү.

2020-жылдын 17-декабрь даярдалды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер
Жапаров Садыр Нургожоевичтин шайлоо фондунан каржы
маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Төлөгөнова Аида
Бейшеналиевна тарабынан төлөндү (күб. № 35, 16.11.2020-ж).

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

190