7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров адам укуктары боюнча протоколду ратификациялоо жөнүндө мыйзамга кол койду

425

Өлкө башчы Садыр Жапаров «2022-жылдын 14-октябрында Астана шаарында кол коюлган 1995-жылдын 26-майындагы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Адам укуктары жана негизги эркиндиктери жөнүндө конвенциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2023-жылдын 25-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Аталган Мыйзамдын максаты 2022-жылдын 14-октябрында Астана шаарында кол коюлган 1995-жылдын 26-майындагы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Адам укуктары жана негизги эркиндиктери жөнүндө конвенциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү болуп саналат.

Протокол Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Адам укуктары боюнча комиссиясы жөнүндө жобону жана 1995-жылдын 26-майындагы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Адам укуктары жана негизги эркиндиктери жөнүндө конвенциясын кабыл алуу жана күчүнө кирүү тартибин чектейт.

Бул өзгөртүүлөр Конвенциянын катышуучулары болуп эсептелбеген мамлекеттер да катыша ала тургандыгынын эсебинен түзүлүүчү комиссиянын субъекттик курамын кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.

426