7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров АКШ сенатору Гэри Питерсти кабыл алды

585

Президент Садыр Жапаров 21-августта, Кыргызстанга иш сапары менен келген АКШ сенатору, Сенаттын улуттук коопсуздук жана өкмөт иштери боюнча комитетинин төрагасы Гэри Питерсти кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы саясий жана экономикалык өнөктөштүктү кеңейтүү боюнча пикир алмашуу болду. Сенатор менен учурашып, Мамлекет башчысы эки өлкөнүн ортосундагы жумушчу мүнөздөгү саясий мамилелердин өсүп жатканын жана эки тараптуу өз ара түшүнүшүү чыңдалып жатканын белгиледи. Ал коопсуздук, демократия жана экономикалык өнүгүү маселелерине багытталган эки тараптуу күн тартиби мындан ары да конкреттүү мазмун менен толтурулат деген ишенимин билдирди. Мындан тышкары, Президент Садыр Жапаров сенатордун Кыргызстанга сапары парламенттер аралык кызматташууну активдештирүүгө түрткү берерине ишеним билдирди. Өз кезегинде америкалык сенатор Гэри Питерс Мамлекет башчысына жылуу кабыл алгандыгы жана мамлекеттер аралык мамилелерди жана эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулоо мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Ал Кыргызстанга биринчи жолу келип жатканын белгилеп, мамилелерди өнүктүрүүгө, достукту чыңдоого кызыкдар экенин билдирди. Гэри Питерс эки тарапты кызыктырган бир катар тармактарда кызматташууну кеңейтүүгө даяр экенин билдирди. Тараптар эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу багыттары боюнча диалогду улантууга даяр экендиктерин ырасташты.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

586