7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров: Акыл-эс, абийир жана чын жүрөк менен шайлоону таза өткөрүү керек!

264

Кыргыз Республикасынын
Президенттигине талапкер
Садыр Жапаровдун

КАЙРЫЛУУСУ

Сиздер, өз жүрөгүңүздөр менен, акыл-эс жана абийирди бийик
коюп, акыйкат тандоо жасоого тийишсиздер!
Сиздердин ар бириңиздер, мен да, бардыгыбыз жаңыланууну
күтүүдөбүз!

Биз, жашообузду жаңы барактан баштоого татыктуубуз!
Биздин мамлекетти ондогон жылдар бою каалагандай тоношуп,
талкалап келген эски коррупциялык түзүмдөргө жол
бербеңиздер!

Биздин жаңыланууга болгон укугубузду тартып алгысы
келгендерге ишенбегиле!
Биз, жарандарыбыз үчүн ак иштей турган бийликти тандоого
мүмкүнчүлүк алдык!
Алдыбызда турган сыноолордон ынтымак менен бирге өтө
алабыз.


Кымбаттуу кыргызстандыктар!
Алдыдагы жаз айларында бизди олуттуу сыноолор күтүп турат.
Биз, кризистен чыгып, жаңылануу жана гүлдөп өнүгүү жолуна
түшүү үчүн болгон күч-аракетибизди жумшашыбыз керек!
Шайлоодо ким утуп чыкпасын, биз жаңы шайланган президенттин
тегерегине чогулуп, аны колдоого алуубуз абзел!
Эртең кандай өлкөдө жашайбыз, ар бирибиз жоопкербиз!
Шайлоого келиңиздер!

Өзүңүздөрдүн жана балдарыңыздардын келечеги үчүн,
мекенибиздин тагдыры үчүн добуш бериңиздер

Аткаруучу: « __7tv.kg_____ » ; дареги: Кыргыз Республикасы,
Бишкек ш.,Байтик Баатыр көчөсү 53;

. Буюртмачы: Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү. Нускасы: ______. 2021-жылдын 08-январда даярдалды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер
Жапаров Садыр Нургожоевичтин шайлоо фондунан каржы
маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Төлөгөнова Аида
Бейшеналиевна тарабынан төлөндү (күб. № 35, 16.11.2020-ж).

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

265