7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Александер Ван дер Беллен менен тет-а-тет форматында сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

334

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-ноябрда, Австрия Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында Австриянын Федералдык президенти Александер Ван дер Беллен менен тет-а-тет форматында сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Тараптар сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптуу жана эл аралык күн тартибинин актуалдуу маселелерин талкуулашты. Саясий өз ара аракеттенүү маселелерине, ошондой эле Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөө келечегине өзгөчө көңүл бурулду.

Александер Ван дер Беллен өлкөлөр ортосундагы өз ара ишенимди бекемдөөгө жана биргелешкен демилгелерди өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү туруктуу диалогдун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Мамлекет башчысы австриялык кесиптешине Австрияга расмий сапар менен келүүгө чакыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, акыркы тогуз жылда биринчи жолу болуп жаткан бул сапар кыргыз-австриялык мамлекеттер аралык мамилелерди чыңдоого маанилүү кадам болоорун айтты.

Президент эки өлкөнүн өз ара аракеттенүүсү үчүн олуттуу потенциал бар экенин баса белгилеп, аны ишке ашыруу үчүн Кыргызстан активдүү кызматташууга даяр экенин ырастады. Садыр Жапаров сүйлөшүүлөр кыргыз-австриялык мамилелердин өнүгүшүнө түрткү берип, түрдүү тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарына ишенимин билдирди.

Тет-а-тет форматында жолугушуу аяктагандан кийин эки өлкөнүн делегацияларынын катышуусу менен сүйлөшүүлөр кеңири курамда улантылды.

 

335