7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Австриянын Федералдык президенти менен жолукту

251

Бүгүн, 25-ноябрда, Вена шаарында президент Садыр Жапаровдун Австриянын Федералдык президенти Александер Ван дер Беллен менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

Мамлекет башчынын кортежи “Хофбург” президенттик сарайына келип, Кыргызстандын президентин Австриянын Федералдык президенти Александер Ван дер Беллен тосуп алды.

Садыр Жапаровдун келишинин урматына Кыргызстандын мамлекеттик желеги салтанаттуу түрдө көтөрүлүп, Ардак кароолдун ротасынын командири саламдашуу рапортун берди, эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды. Андан соң мамлекет башчылары Ардак кароолдун катарынын алдынан басып өтүштү, “Хофбург” президенттик сарайынын фонунда чогуу сүрөткө түшүү аземинен кийин сарайда расмий делегациялардын мүчөлөрү менен тааныштыруу болуп өттү.

Расмий жолугушуу аземи аяктагандан кийин Садыр Жапаров менен Александер ван Дер Беллен сүйлөшүүлөргө өтүштү.

 

252