Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн аймагындагы жер үлүштөрүн жана мүлктүк комплексти мыйзамсыз ажыратуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирет.
Тактап айтканда, айыл чарба жерлери, өндүрүштүк жана социалдык объектилер кирген «Ала-Тоо» винсовхозунун мүлкүн менчиктештирүүнүн алкагында айрым кызмат адамдары тарабынан жер мыйзамдарын бузуу менен Ю.Б. К.нын менчигине жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө Бишкек шаарынын четиндеги 300 гектардан ашык жер мыйзамсыз берилгени аныкталган.
Жогоруда белгиленген адамдардын мыйзамсыз аракеттеринин жана алардын байланыштарынын натыйжасында Кара-Жыгач айыл аймагында калктуу конуштарды кеңейтүү үчүн жер жок калган. Натыйжада Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылынын жана Бишкек шаарынын Көк-Жар айылынын тургундары артезиан суусуна жана жайыт жерлерине жетпей калышкан.
Аныкталган факт «Коррупция» менен кылмыш иши козголуп, Ю.Ч.К. жана Ю.Б. К. үй-бүлөсүнүн эки мүчөсү кармалып, камакка алынды. Тергөөнүн алкагында мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз ээликтен ажыратуу жана ээлеп алуу фактыларына тиешеси бар башка адамдар аныкталат.