7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров менен Анвар Ибрагимдин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду

242

Бүгүн, 25-июнда, Президент Садыр Жапаровдун Малайзияга болгон расмий сапарынын алкагында Малайзиянын Премьер-министри Анвар Ибрагим менен сүйлөшүүлөр болуп өттү, анын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду.

Президент Садыр Жапаров жана Премьер-министр Анвар Ибрагим Кыргыз Республикасы менен Малайзиянын ортосундагы келечектеги гүлдөп-өнүгүү үчүн стратегиялык өнөктөштүк багытында кызматташтыкты чыңдоо боюнча биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.

Ошондой эле төмөнкү документтерге кол коюлуп, алмашылды:

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Малайзия Өкмөтүнүн ортосундагы туризм тармагында кызматташуу тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Малайзия Өкмөтүнүн ортосундагы санариптик трансформация жана киберкоопсуздук жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Малайзия Өкмөтүнүн ортосундагы жогорку билим берүү тармагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Малайзия Өкмөтүнүн ортосундагы саламаттыкты сактоо тармагында кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Малайзиянын Тышкы иштер министрлигинин ортосунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Малайзия Өкмөтүнүн ортосунда жаштар саясаты жаатында кызматташтыкты түзүү жөнүндө ноталар менен алмашуу;

— Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Малайзиянын Тышкы иштер министрлигинин ортосунда дипломаттарды даярдоо жана илимий алмашуу жаатында кызматташуу жөнүндө ноталар менен алмашуу;

— Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен Малайзиянын Башкы прокуратурасынын ортосунда кылмыш иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жаатында кызматташуу боюнча ниет каттарын алмашуу;

— КР Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун (СДУИ) жана Малайзиянын Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр институтунун (ISIS) ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Кыргыз Экспорт” экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору менен Малайзиянын Тышкы сооданы өнүктүрүү корпорациясынын (MATRADE) ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен Малайзиянын Улуттук соода-өнөр жай палатасынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

243