7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров: «Ар бир жаран шайлоодо ак ниеттик менен добуш берүүсү маанилүү»

450

Бүгүн, 15-ноябрда өлкө башчы Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы ТЭЦ – 2 жанында пайда болгон конуштун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда парламенттик шайлоолор темасына токтолуп,  «Ар бири өз өлкөсүнүн патриоту катары аракеттенип, шайлоодо ак ниеттик менен добуш берүүсү маанилүү», — деп белгиледи президент Жапаров.

Мамлекет башчы алдыдагы Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо – бул келечектеги беш жылга болгон акыркы саясий процесс экенине өзгөчө көңүл бурду. Бул шайлоолорду өткөргөндөн кийин өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасалаарын айтты жана аталган конуштун жашоочуларын дагы бир жолу шайлоолордо ак ниет, жигердүү болуп жана өз добуштарын сатпоого чакырды.

Ар бир добуш – чечүүчү. Эгер, алар кимдир бирөө тигил же бул талапкерге же партияга добуш сатууга үгүттөп жатканына күбө болуп калышса, тийиштүү ыкчам чараларды көрүү зарыл.

Президент шайлоодо добушун саткан жана сатып алган жарандар жоопкерчиликке тартыларын эске салды. Жазык кодексинде тийиштүү берене бар жана ага ылайык эркиндиктен ажыратуу жазасы каралган.

Анын айтымында, тажырыйба көрсөткөндөй, ушундай ыкма гана бул сыяктуу мыйзам бузууларды токтото алат. Антпесе, көпчүлүк акчага азгырылып, добуштарды сатып алууга же сатууга барууга даяр.

«Сиздер билгендей, өткөн шайлоолордо бардыгы тескерисинче болгон. Добуштар сатылып жана сатылып алынган, административдик ресурс колдонулган, жергиликтүү жетекчилерди, дарыгер, мугалимдерди “чуркоого” мажбурлашкан. Азыр эми биз тескерисинче кылып атабыз, мындай фактылар аныкталса, күнөлүүлөр кызматынан алынат.

Мисалы, мындай фактылар үчүн бир катар жетекчилер кызматтан кетишти», — деп кошумчалады мамлекет башчысы.

Президент Жапаров мындан ары мындай болбой турганына көңүл буруп, таза эмес шайлоо деген түшүнүк жоюларына басым жасады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

451