7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ура! Кыргызстан Лондондогу сотто «Мегакомду» утуп, 300 млн доллар казынада калды

691

Кыргызстан 300 млн доллардан ашык суммадагы “Мегаком” уюлдук операторуна байланыштуу ишти Лондон шаарында эл аралык арбитраждык сотто утту. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Британиянын Виргин аралдарында катталган “Penwell Business Limited” («Пенвелл Лимитед») компаниясы 2017-жылдын июлунан бери ЮНСИТРАЛ Арбитраждык регламентине ылайык Кыргыз Республикасына каршы арбитраждык иш козгоп, 298 млн АКШ долларын өндүрүүнү талап кылып келген.

2021-жылдын 8-октябрында арбитраждык курам Арбитраждык чечим чыгарып, ал чечимде доочунун 298 млн АКШ долларын өндүрүү жөнүндө дооматы Арбитрлердин толук курамы тарабынан четке кагылган.

2021-жылдын 5-ноябрында бул арбитраждык чечимди жокко чыгаруу үчүн Лондондун Жогорку Сотуна өтүнүч берүүнүн мөөнөтү бүттү жана Кыргыз тарап дээрлик 300 млн АКШ доллары суммада болгон бул талашты биротоло утту деп расмий түрдө айтууга болот.

Доочу өзүнүн инвестицияларын Кыргызстанда коррупциялык жол менен алгандыгына байланыштуу Арбитрлердин курамы Доочунун талаптарын алгылыксыз деп эсептеди.

“Пенвеллдин” 2005-жылдын октябрь айында «БиМоКом» компаниясын сатып алышы, андан кийин бул компаниянын 49% акциясын, ошол кезде Алексей Елисеев көзөмөлдөгөн «Форнтек» компаниясына сатышы «Пенвелл» компаниясынын Кыргыз Республикасындагы инвестициясы коррупциялык жол менен алынганын далилдейт.

Ошондой эле 2010-жылы «Пенвелл» өзүнүн бизнесин коррупциялык жолдор менен контролдоого аракеттенип судьяларды жана прокуратуранын кызматкерлерин паралап «Пенвелл» компаниясынын кызыкчылыгы үчүн пайдаланууга аракеттенгени да белгиленди.

КР министрлер кабинетинде арбитраждык процесстин тарыхы, себептери, мазмуну жана жыйынтыктары анализделип, КР Юстиция министрлиги тарабынан эл аралык арбитраждык иштерде мамлекеттин кызыкчылыгын коргоонун натыйжалуулугун арттыруу үчүн төмөнкүдөй иш-чаралардын комплексин демилгеленди, тактап айтканда:

¾ инвестициялык мыйзамдарды өркүндөтүп, мамлекеттин юрисдикциялык иммунитетин күчтөндүрүүгө көңүл буруу;

¾ жергиликтүү же эл аралык юристтердин кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын баалоонун жана чыгымдардын деңгээлин мониторингдөөнүн инструменттерин киргизүү;

¾ эл аралык юристтер менен иштөө үчүн арбитраждык маселелер боюнча эксперттердин жергиликтүү пулун өнүктүрүү;

¾ анализдөө жана иш-аракеттеринде арбитраждык талаш үчүн потенциалы бар опурталдуу топтогу мамлекеттик кызматчылар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

692