Баткендеги “Көк-Талаа” транспорттук көзөмөл пунктунун кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, салмактык-габариттик көзөмөлдөн ири өлчөмдө пара алып жаткан учурунда колго түштү. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
“Көк-Талаа” ТКПнын айрым кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз иш-аракеттерге, тагыраак айтканда, оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан акча каражатын талап кылуу жана системалуу түрдө өндүрүп алуу фактылары аныкталган.
13-ноябрда УКМКнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чаралардын натыйжасында, пара катары акча каражатын алган деген шек менен КР Транспорт жана жолдор министрлигинин Автоунаа, суу транспорту жана салмак-габариттик көзөмөл агенттигинин Баткен аймактык башкармалыгынын бөлүм башчысы — “З.С.А.” жана “Көк-Талаа” ТКПнун башкы инспектору “М.Э.Э.” кармалып, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын ИИБнун убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Азыркы учурда КР УКМК бул иштин жагдайларын жана кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тийиштүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүүдө.
Тергөөнүн жыйынтыгы менен бардык күнөөлүүлөрдүн аракеттерине тиешелүү юридикалык баа берилет.