7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Армениянын президенти Ваагн Хачатурян менен жолукту

301

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-апрелде, Астана шаарында (Казакстан) Армения Республикасынын президенти Ваагн Хачатурян менен жолугушту.

Тараптар кыргыз-армян кызматташтыгынын абалын жана келечегин, ошондой эле ЕАЭБ, ЖККУ, БУУ жана башка эл аралык аянтчалардын алкагында өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө саясий диалогду тереңдетүүгө, соода-экономикалык алакаларды кеңейтүүгө, өндүрүштүк кооперацияны, транспорттук-логистикалык каттамдарды, ошондой эле маданий-гуманитардык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө эки тараптын тең умтулуусу ырасталды.

Эки тараптуу күн тартибин практикалык жактан толтурууга, анын ичинде соода, инвестиция, транспорт, санариптештирүү жана туризм тармактарындагы биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Садыр Жапаров армян тарапты 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына активдүү катышууга чакырды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-армян мамилелерин достуктун, өз ара сыйлашуунун жана ишенимдин духунда мындан ары да чыңдоого даяр экендиктерин ырасташты.

302