7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Азербайжанга иш сапары менен барат

306

Президент Садыр Жапаров 3-4-июлда Ханкенди шаарында өтө турган Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) 17-саммитине катышуу үчүн Азербайжан Республикасына иш сапары менен барат. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүм башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.

«Саммиттин темасы – «Ишенимдүү жана климаттык жактан туруктуу келечек үчүн ЭКУнун жаңы көз карашы» деп аталат.

Саммитке уюмга мүчө мамлекеттердин – Афганистан, Азербайжан Республикасы, Иран Ислам Республикасы, Пакистан Ислам Республикасы, Кыргыз Республикасы, Казакстан Республикасы, Тажикстан Республикасы, Өзбекстан Республикасы, Түркия Республикасы жана Түркмөнстандын мамлекет башчылары жана өкмөт башчылары катышат.

Тараптар Уюмдун күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, анын ичинде мүчө-мамлекеттер тарабынан климаттын өзгөрүшүн алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чараларды талкуулашат.

Иш сапардын жүрүшүндө ошондой эле Азербайжан Республикасынын Агдам районунда кыргыз тарап курган «Айкөл Манас» мектебинин расмий ачылышы болот», — деп белгиледи Сагынбек Абдумуталип.

 

307