7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Азербайжанга учуп кетти

708

Бүгүн, 19-апрелде президент Садыр Жапаров Азербайжан Республикасынын Баку шаарына расмий сапар менен учуп кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сапардын алкагында мамлекет башчысы Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Азербайжандын Милли Межлисинин төрайымы Сагиба Гафарова менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жергиликтүү ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушат.Саясий, экономикалык, маданий жана башка тармактарда эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланат, ошондой эле бир катар документтерге кол коюу пландалууда.

Кыргызстандын делегациясынын курамында президенттин жубайы Айгүл Жапарова, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев, КРнын Азербайжандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кайрат Осмоналиев, айыл-чарба министри Аскарбек Джаныбеков, санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов, транспорт жана коммуникация министри Эркинбек Осоев жана экономика министри Данияр Амангельдиев.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

709