7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров БАЭ президентин мамлекеттин жарыяланган күнү менен куттуктады

619

Президент Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын президенти шейх Мухаммад бин Заед Аль Нахайянды улуттук майрамы — Мамлекеттин жарыяланган күнү менен куттуктады.

«Сизди жана Бириккен Араб Эмираттарынын элин Бириккен Араб Эмираттарынын Мамлекетинин жарыяланган күнү менен Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан чын жүрөктөн куттуктайм. Эки өлкөнүн ортосундагы өз ара урматтоого негизделген достук мамилелер эки элдин кызыкчылыгы үчүн мындан ары да өнүгө берет деп бекем ишенем. Сизге бекем ден соолук, жоопкерчиликтүү кызматыңызга ийгиликтерди, ал эми Бириккен Араб Эмираттарынын элине бакубаттык жана өнүгүү каалайм», — деп айтылат мамлекет башчысынын катында.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

620