7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров БАЭнин премьер-министри менен кызматташтыкты тереңдетүү жолдорун талкуулады

618

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-февралда, Дубай шаарында (Бириккен Араб Эмираттары — БАЭ) өтүп жаткан Дүйнөлүк өкмөттөр саммитинин алкагында БАЭнин вице-президенти, премьер-министри, Дубайдын башкаруучусу Мухаммад бин Рашид Аль Мактум менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү маселелери талкууланды.

Мухаммад бин Рашид Аль Мактум президенттин Дүйнөлүк Өкмөттөр Саммитине катышуусун кубаттап, анын БАЭге сапары жана жетишилген макулдашуулар өлкөлөр ортосундагы достук мамилелерди мындан ары чыңдоого жаңы дем берерине ишенимин билдирди.

Садыр Жапаров өз кезегинде Кыргызстан менен БАЭ ортосундагы соода-экономикалык алакалардын активдүү жанданышын канааттануу менен белгилеп, 2013-жылдан бери Дубайда өтүп жаткан Дүйнөлүк Өкмөттөр Саммити дүйнө өлкөлөрү үчүн практикалык кызыкчылык туудурган маселелерди талкуулоо үчүн натыйжалуу аянтчага айланганын айтты.

Жолугушуунун соңунда мамлекет башчысы Мухаммад бин Рашид Аль Мактумду Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды.

619