7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Бакуда СОР29 улуттук павильонуна барды

156

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-ноябрда, БУУнун Климаттын өзгөрүүсү боюнча Алкактык Конвенциясынын тараптарынын 29-конференциясына (COP29) катышуунун алкагында “Кыргызстан: тоолорду туруктуу өнүктүрүү” аттуу улуттук павильонго барды.

21-ноябрга чейин ачык болгон павильондо күн сайын өлкөнүн министрликтеринин жана ведомстволорунун катышуусу менен климаттык күн тартибинин, Кыргызстандын энергетикалык, соода-экономикалык, туристтик жана инвестициялык потенциалынын актуалдуу маселелери боюнча презентациялар, ошондой эле маданий иш-чаралар, улуттук тоо продукцияларынын көргөзмөлөрү (бал, кургатылган жемиштер, улуттук суусундуктар ж.б.) жана алардын даамын таттыруулары өткөрүлөт. Улуттук павильон тоо тематикасын жана туруктуу өнүгүүнү алга жылдырууда Кыргызстандын лидерлик ролун көрсөтүү менен, эл аралык COP29дун катышуучуларын өзүнө тарткан жагымдуу жайга айланды. Анын борборунда уникалдуу концепция катары Кыргызстандын маданиятынын негизин түзгөн табият менен байланышты жана гармонияны символдоштурган салттуу боз үй орнотулду.

Павильон презентация аянтчасы гана болбостон, климаттын күн тартиби боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо мейкиндиги болууда. Мамлекет башчысы Кыргызстандын COP29га катышуусунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, улуттук павильон өлкөнүн байлыгын жана өзгөчөлүгүн, ошондой эле тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүгө болгон умтулуусун чагылдырарын белгиледи.

“Биз дүйнөгө Кыргызстан глобалдык климаттык чакырыктарды чечүүгө активдүү катышып гана тим болбостон, тоолуу экосистемаларды сактоо жаатында өзүнүн тажрыйбасы жана билими менен бөлүшүүгө даяр экендигин көрсөтүп жатабыз. Символубуз боз үй болгон биздин мурасыбыз баардыгын жаратылышты сактоого жана тоолуу жамааттардын туруктуулугун бекемдөөгө шыктандырышы керек”, — деп белгиледи Президент Садыр Жапаров

 

157