7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Бакудагы Олимпиада стадионуна барды

349

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-ноябрда, Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүүсү боюнча Алкактык Конвенциясынын (БУУ КӨАК) тараптарынын 29-конференциясына катышуу үчүн Баку шаарындагы (Азербайжан Республикасы) Олимпиада стадионуна барды.

Иш-чаранын катышуучулары парник газдарынын чыгарылышын азайтуу боюнча чараларды, климатты каржылоо маселелерин, энергетикадагы технологиялык инновацияларды, жаш муундарга билим берүүнү жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө багытталган жаштардын демилгелерин колдоону талкуулашат.

Конференцияга 50 000ден ашык адам, анын ичинде 100дөн ашык мамлекеттин лидерлери катышат.

Иш-чарага келген делегация башчыларын Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев жана БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерриш тосуп алышты.

Саламдашуу жана чогуу сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин, делегация башчылары климаттык иш-аракеттер боюнча дүйнөлүк лидерлердин Саммитинин ачылыш салтанатына катышуу үчүн жыйындар залына өтүштү.

Андан соң Президент Садыр Жапаров БУУнун Климаттын өзгөрүүсү боюнча Алкактык Конвенциясынын тараптарынын 29-конференциясынын жогорку деңгээлдеги сегментинде улуттук билдирүү менен чыгып сүйлөйт.

 

 

350