7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Бельгияга учуп кетти

399

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-июнда, Бельгия Королдугуна иш сапары менен учуп кетти.

Сапардын алкагында, 24-26-июнда мамлекет башчысы Бельгиянын Королу Филипп менен жолугушат. Ушул эле күнү Садыр Жапаровдун Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель менен расмий жолугушуусу өтөт. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстандын Европа биримдиги жана Бельгия менен соода-экономикалык кызматташуусунун учурдагы абалы жана келечеги талкууланат.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамы:

— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

— Президенттин администрациясынын президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги Азамат Кадыралиев;

— Президенттик администрациясынын тышкы саясат бөлүм башчысы Муратбек Азымбакиев;

— Кыргызстандын Бельгия Королдугундагы, Нидерландыдагы жана Люксембургдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси ишин айкалыштыруу менен Кыргыз Республикасынын Европа Биримдигиндеги туруктуу өкүлү Айдит Эркин;

— транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев;

— экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;

— финансы министринин орун басары Руслан Татиков.

 

 

 

 

400