7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Меккеде каза болгон зыяратчылардын саны 1300дөн ашты

289

Меккеде каза болгон зыяратчылардын саны 1300дөн ашты. Бул тууралуу Сауд Аравиянын Саламаттык сактоо министри Фахд бен Абдель Рахман аль-Жаляжель кабарлады.

«Ажылык учурунда каза болгондордун саны 1301ди түздү. Көз жумган зыяратчылардын 83%ынын тиешелүү визалары болгон эмес”, – деп белгиледи министр.

95 зыяратчы ооруканада дарыланууда, алардын айрымдары Эр-Риядга жеткирилген. Сөөктөрдүн өздүгүн тактоо иштери создуктурулуп кетишине көз жумгандардын көпчүлүгүндө тиешелүү документтеринин жоктугу себеп болгон.

Associated Press маалымдагандай, көз жумгандардын 165и Индонезиядан, 98и Индиядан, эки америкалык жаран, дагы ондогон кишилер Иордания, Тунис, Марокко, Алжир жана Малайзиядан келгендер экендиги айтылууда. Булардын басымдуу бөлүгү ысыктан жана өнөкөт ооруларынын айынан каза болду деп белгиленип жатат.

Сауд Аравияга ажылык сапар быйыл 14-июндан 19-июнга чейин созулду. Анда жалпысынан 1,8 млн адам зыярат кылды. Меккеде ушул күндөрү абанын температурасы +46 градустан 51 градуска чейин жогорулады.

290