7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров: Бирге түшкөн сүрөттү көрсөтүп, маселемди чечип бер дегендерге алданбагыла

313

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бирге түшкөн сүрөттү көрсөтүп маселесин чечип жүргөн жарандарга кайрылуу жасады.

«Урматтуу кыргызстандыктар!
6-октябрдан бери миңдеген жарандарыбыз менен сүрөткө түштүм. Айрыкча октябрь айларында кабылдамага ар кандай иштер менен келген адамдардын баары сиз менен сүрөткө түшүп алайынчы деп суранса жок дей албайт экенсин. Шайлоодо үгүт учурунда жүргөн мезгилде дагы миңдеген адамдар менен сүрөткө түшүү болду. Чынымды айтайын, ошолордун 99 пайызын тааныбайм.
Айтайын дегеним, адам баласы бар жерде баары болот дегендей, мени менен түшкөн сүрөтүн көрсөтүп, кызмат орундарын же башка бир маселесин чечүү максатында колдонуп жүргөндөрдүн бети ачылып калып жатат.
Ошондуктан бирге түшкөн сүрөт көрсөтүп, маселемди чечип бер дегендерге алданбагыла жана дароо бизге кабар берип койгула. Жазасын беребиз,»
-деп жазылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

314