7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын жаңы президенти менен жолугуп, жеке көңүл айтты

613

Садыр Жапаров бүгүн, 17-майда, Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) барды, ал БАЭ президенти шейх Халиф бин Заед Аль Нахайяндын мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу жеке көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы Кыргызстан элинин жана жеке өзүнүн атынан БАЭнын жаңы президенти Мухаммад бин Заед Аль Нахайянга, башкаруучу үй-бүлө мүчөлөрүнө жана Эмират элине БАЭнин Президенти шейх Халиф бин Заед Аль Нахайяндын мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу чын жүрөктөн көңүл айтты.

Садыр Жапаров шейх Халиф бин Заед Аль Нахайяндын БАЭнин туруктуу өнүгүүсүнө жана гүлдөшүнө кошкон зор кызматын жана салымын белгиледи.

Аны менен бирге Мухаммад бин Заед Аль Нахайанды Бириккен Араб Эмираттарынын Президенти кызматына кириши менен куттуктады.

Ал жаңы лидердин жетекчилиги астында дүйнөдө жогорку саясий жана экономикалык кадыр-баркка ээ болгон өлкө мындан ары да өнүгүп, өз ара ишенимге жана колдоого негизделген эки тараптуу кызматташтык Кыргызстан менен Эмират элдердин жыргалчылыгы үчүн бекемделерине ишенимин билдирди.

Мухаммад бин Заед Аль Нахайянга чың ден соолук жана жооптуу мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди каалап, Садыр Жапаров БАЭ Кыргызстан үчүн боордош өлкө экенин, элдерди тарыхый жана руханий достук байланыштары бириктирип турганын баса белгиледи.

Президент Садыр Жапапов Мухаммад бин Заед Аль Нахайянды Кыргызстанга иш сапары менен ал үчүн ыңгайлуу убакта келип кетүүгө чакырды.

Өз кезегинде БАЭ Президенти шейх Мухаммад бин Заед Аль Нахайян Садыр Жапаровго иш сапары жана көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, айтылган колдоо сөздөрүн жогору баалай турганын белгиледи.

Ал ошондой эле, өлкөлөр ортосундагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Шейх Мухаммад бин Заед Аль Нахайян мамилелерди жаңы деңгээлге көтөрөрүнө ишеним билдирди.

Шейх Мухаммад бин Заед Аль Нахайян эки мамлекеттин ортосундагы эки тараптуу мамилелер мындан ары да жигердүү өнүгүп, жаңы деңгээлге чыгаарына ишенимин билдирди.

Бириккен Араб Эмираттарынын Президенти Садыр Жапаровдун ишмердүүлүгүнөн кабардар экенин, анын чечкиндүү аракеттерин оң баалай турганын, ошондуктан тараптар ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү кызыкчылыгында тыгыз кызматташууга даяр экенин баса белгиледи.

Мухаммад бин Заед Аль Нахайян ошондой эле эки өлкөнүн элдери бир тууган экенин тастыктап, Кыргызстанга сөзсүз иш сапары менен келерине ишендирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

614