7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аялдын буйругу менен адам өлтүрүшкөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

1063

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган адамдар тарабынан буйрутма киши өлтүрүү фактысын аныкталды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, ушул жылдын 25-апрелинде саат 15:00дөр чамасында Аламүдүн РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Арашан айылындагы көрүстөндөрдүн биринен зомбулук менен өлтүрүлгөндүн европа түспөлүндөгү адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Алынган маалыматтын негизинде, ыкчам тергөө тобу дароо барып, аталган адамдын өздүгү аныкталып, ал мурда бир нече жолу соттолгон 1993-жылы туулган К.Д. экени аныкталган.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинде (Киши өлтүрүү) каралган кылмыш белгилери боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектелип бир катар адамдар, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган адамдар да кармалган.

Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча, кылмыш, жабырлануучу адам менен чогуу жашаган аялдын буйругунун негизинде жасалганы, ал жерде экөөнүн ортосундагы чырдан улам аял баласына жардам сурап кайрылганы аныкталган.

Бул окуяда жабыр тарткан адам бир нече жолу соттолуп, жанына дайым бычак алып жүргөндүгүнө байланыштуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө кайрылышкан. Ошентип, бул кылмышка шектүүлөр, 24-апрелде саат 23:30дар чамасында Бишкек шаарындагы кичи райондордун биринен киши колдуу болгон адамды Киа үлгүсүндөгү унаага салып барып, Арашан айылында жайгашкан көрүстөндөрдүн биринен денесине залал келтиришип, ал алган жараатынан каза болгон.

Ошол эле учурда милиция кызматкерлери, бул аял жабырлануучу адам абакта отурганда телефон аркылуу сүйлөшүшүп жүрүп, эркиндикке чыккандан кийин чоогу жашай баштаганын аныкташкан.

Учурда милиция кызматкерлери тарабынан төмөнкүлөр камакка алынды:

— А.Г., 1971-жылы туулган, адам уурдоо жана киши өлтүрүүнү уюштуруучу.

— К.М.2001-жылы туулган, өлтүрүлгөн адамды уурдоого катышкан кылмышка шектүүнүн уулу.

— А.А., Киа үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, кылмышка шектүүнүн баласынын досу.

-У.М., 1975-жылы туулган, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, мурда бир нече жолу соттолгон, адам уурдоо жана адам өлтүрүүгө катыштыгы бар.

Учурда бул кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иштин материалдарынын негизинде башка тиешелүү адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча бардык зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1064