Кадамжайда оор жүк ташуучу унаалардын аккумуляторлорун уурдап жүргөн шектүү кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, Кадамжай районунун Уч-Коргон айылынын тургундары үйүнүн алдына токтотуп койгон оор жүк ташуучу «Камаз», «Фура» үлгүсүндөгү автоунааларынын 2 даанадан аккумуляторун түн ичинде белгисиз адамдар тарабынан уурдалып кеткендигин билдирип, 4 арыз келип түшкөн. Арыздануучуларга жалпысынан 100 миң сомго жакын материалдык зыян келтирилген.
Бул факты Кадамжай РИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестерне 2022-жылдын 13-14-май күндөрү Кылмыш жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен катталып, ыкчам иликтөө иштери башталган.
16-май күнү Уч-Коргон айыл аймагында изин жашырып жүргөн мурда соттолгон 37 жаштагы С.Р. аттуу тургуну менен Жалал-Абад облусунун Аксы районунун 27 жаштагы А.А. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген. Ал эми алардын айдап жүргөн унаасы атайын унаа токтотулуучу жайга киргизилген.
Уурдалган аккумуляторлор өз ээсине кайтарылып, азыркы учурда тергөө иштери уланууда.