7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Бишкек мэриясынын электробустарын тейлөө борборун ачты

20

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-августта Бишкек шаарынын мэриясынын электробустарды жана газ менен жүрүүчү автобустарды тейлөө борборунун ачылышына катышты.

Жалпы аянты 4,7 гектар болгон аймакта оңдоочу жайлар, административдик-тиричилик корпусу, көмөкчү жайлар жана инфраструктуралык объектилер жайгашкан. Парк бир эле учурда 150 электробустун жана газ менен жүрүүчү автобустардын иштешин камсыздай алат, бул шаардык каттам тармагынын транспорттук жеткиликтүүлүгүн жана өткөрүү жөндөмдүүлүгүн кыйла жогорулатат.

Мамлекет башчы реконструкциядан кийин электробустарды тейлөө жана кубаттоочу борборунун ачылышы заманбап транспорттук өнүгүүгө, экологиялык таза шаарга жана шаардыктардын ыңгайлуу жүрүүсү үчүн шарттарды түзүүгө карай дагы бир маанилүү кадам экенин белгиледи.

Ал коомдук транспортту өнүктүрүү маселесин калаа тургундарынын күнүмдүк каттамын жакшыртуу жана алар үчүн ыңгайлуу инфраструктура түзүү аракетинде мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири катары баса көрсөттү.

“Акыркы эки жылда газ менен жүргөн 1000 ашуун автобус сатып алдык. Мындан ары да транспорттук паркты жаңылоону улантабыз. Бирок азыркы күндө транспорт гана эмес, экология маселеси да курчуй баштады. Калаа тургундарынын коомдук транспортун жакшыртуу менен катар шаардыктарга таза аба да өтө маанилүү. Мындай заманбап чечимдер – биздин келечекке болгон жоопкерчилигибиз!”, — деди Садыр Жапаров.

Ал ошондой эле “2-депо” троллейбустардын токтотмо жайы 1971-жылы курулуп, пайдаланууга берилгенин эске салды. Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен Бишкек шаарына 120 жаңы электробус толугу менен алынып келинди. Жогоруда аталган депо толугу менен оңдолуп-түзөлүп, заманбап кубаттоочу инфратүзүм катары модернизацияланды.

“Жаңы транспорттук комплекс — Бишкек шаарынын коомдук транспорт системасын жаңы деңгээлге чыгаруучу ири долбоор. Бул жай – борбор калаанын коомдук транспорт каттамын камсыздоочу автобустар менен электробустардын ишенимдүүлүгүн жогорулатат. Шаарлыктарды үзгүлтүксүз жана сапаттуу тейлөөгө өбөлгө түзөт”, — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Соңунда Садыр Жапаров айдоочуларга кайрылып, айдоо маданиятын сактоого жана аялдамага башка айдоочуларга тоскоолдук кылбай жана жеңил унаалар үчүн дагы тыгын жаратпай токтоого чакырып, өзү дагы көп учурда ушундай көрүнүштөргө күбө болуп жатканын белгиледи. Ал эми жүргүнчүлөргө кайрылып, Мамлекет башчысы башка жүргүнчүлөрдү жана шаардык транспортту сыйлоонун, ошондой эле коомдук транспорттун айдоочуларынын тынымсыз эмгегин баалоонун маанилүүлүгүн ырастады.

Расмий бөлүктөн кийин президент Садыр Жапаров депо менен таанышып, андан соң электробуска жана троллейбустан кайра жасалган автобуска түшүп жол жүрдү.

21