Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-августта, «Евразия» аттракциондор паркынын ачылыш аземине катышты.
Жаңы парк 10 гектарга жакын аянтты ээлейт. Келгендер үчүн 30га жакын аттракцион, спорттук аянтчалар, фудкорт жана соода түйүндөрү акысыз жеткиликтүү. Кирүү расмий колдонмо аркылуу QR-код менен ишке ашырылат, бул бардык категориядагы жарандар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктү камсыз кылат.
Иш-чаранын алдында Президент парктын аймагын кыдырып, эс алуу шарттары менен таанышты, ошондой эле майрамдын символикалык башталышы болгон балдардын оюн коюусуна барды.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө акыркы жылдары Бишкек өлкөнүн экономикалык, транспорттук, илимий жана маданий борбору катары өнүгүүнүн маанилүү этабынан өтүп жатканын өзгөчө белгиледи.
«Бүгүнкү күндө шаарыбыз өнүгүү жолуна түштү. Көптөгөн жаӊы имараттар курулуп, заманбап инфратүзүмдүк объектилер пайда болууда. Жолдор оӊдолуп, шаар көрктөндүрүлүп, бир кездеги кооз жана жашыл шаар келбетине келип баратат», – деди Садыр Жапаров жана жаңы оюн-зоок паркы дагы шаарыбыздын көркүн ачып, балдарыбыздын, жаштарыбыздын жана шаарыбызга келген туристтердин активдүү эс алуу жайы болоруна ишеним билдирди.
Президент парктын курулушу 2024-жылы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «Евразия» автономдук коммерциялык эмес уюмунун ортосундагы Евразия мейкиндигиндеги салттуу баалуулуктарды сактоо жана бекемдөө боюнча кызматташуу жөнүндөгү макулдашуунун алкагында башталганын эске салды.
“Инвестициялык климат жакшырган бүгүнкүдөй шартта инвестицияларды жалаң эле өндүрүш ишканаларына багыттабай, бүгүнкүдөй социалдык долбоорлорго да салууга кириштик. Бул паркка тартылган инвестициянын көлөмү 35 млн АКШ долларын түзөт”, — деп ырастады Мамлекет башчысы жана долбоор Евразиялык экономикалык биримдиктин 10 жылдыгына арналган масштабдуу иш-чара болуп саналарын кошумчалады. Парктын курулушу жана жабдылышы меценаттык каражаттардын эсебинен “Евразия” фонду тарабынан каржыланды.
«Оюн-зоок паркы үй-бүлө баалуулуктарын бекемдөө үчүн жарандардын бош убактыларын үй-бүлөсү менен чогуу, кызыктуу өткөрүүгө жана борбордун тургундары менен конокторуна массалык эс алууга кызмат кылат. Бул маданий оюн-зоок борбору эл аралык сапат жана коопсуздук стандарттарына жооп берген заманбап аттракциондор менен жабдылган», – деп белгиледи Садыр Жапаров.
Бул паркка кирүү акысыз болот. Мамлекет башчысы белгилегендей, бул социалдык жактан бөлүүгө жол бербей, бардык балдарга бул паркта бирдей шарттарда ойноо жана эс алуу мүмкүнчүлүгүн берүү максатында жасалган.
Ал бул жай заманбап парк гана эмес, шаардыктардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган социалдык долбоор да болуп саналарын белгиледи. Ошол эле учурда Президент эс алуучуларга кайрылып, аттракциондорго өз мүлкүндөй аяр мамиле кылууга чакырды.
Мамлекет башчысы борбор калаабыз менен бирге өлкөбүздүн бардык аймактарын өнүктүрүүгө, элибиздин жыргалчылыгы үчүн шарттарды түзүүгө белсенип, болгон күч-аракет жумшалып жатканын эске салды. Мындай долбоорлор өлкөбүздүн, анын ичинде борбор шаарыбыздын инфратүзүмүн жакшыртууга, шаар тургундарынын жашоо деңгээлин көтөрүүгө чоң салым кошот.
Президент Садыр Жапаров шаардыктарды оюн-зоок паркынын ачылышы менен куттуктап, парктарыбызда балдарыбыздын күлкүсү жаңырып, жашообуз бакубат болушу керек деп баса белгиледи.
«Евразия» автономдук коммерциялык эмес уюмунун Кеңешинин Төрайымы Алена Аршинова Садыр Жапаровдун колдоосу менен «Евразия» паркынын курулушу мүмкүн болгонун белгиледи. Ал Борбор Азия үчүн уникалдуу болгон, балалыкка, үй-бүлөлүк салттуу баалуулуктарга арналган бул парк тийиштүү абалда сакталып, жергиликтүү тургундар, коноктор жана туристтер үчүн сүйүктүү жайга айланарын баса белгиледи.
Иш-чаранын соңунда Президент боз үй формасындагы экспозиция менен таанышты, анда кыргыз элинин бай маданий мурасын айкын чагылдырган тиричилик буюмдары коюлган.