7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Борбор Азия лидерлери менен “Достук кечеси” гала-концертине катышты

406

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-августта, Казакстан Республикасына жумушчу сапарынын алкагында Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Азербайжандын достугунун жана жакын коңшулаштыгынын көп кылымдык салттарына арналган “Достук кечеси” гала-концертине катышты.

Иш-чарага Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Азербайжандын мамлекет башчылары катышты.

Гала-концерттин алдында өлкө лидерлери көркөм сүрөт көргөзмөсүн көрүп чыгышты.

Маданият жана искусство ишмерлери чогулгандарга аймактын элдеринин жалпылыгын жана маданий жакындыгын ырастаган мазмундуу жана кызыктуу программа тартуулашты.

Фольклордук-этнографиялык ансамблдер жана эстрада артисттери ардактуу конокторго улуттук ырларды жана элдик бийлерди аткаруу менен өз таланттарын көрсөтүштү.

Кыргызстандан барган чыгармачыл делегациянын курамында республиканын эмгек сиңирген артисттери: ырчы Элнура Муктарбек, комузчу Закирбек Дүйшөнбек уулу, ошондой эле Н.Тугелов атындагы Кыргыз мамлекеттик «Ак-Марал» бий ансамбли барган.

 

407