7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров быйыл иш сапары менен Кувейтке барат

580

Кечээ, 23-мартта Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Кувейттин тышкы иштер министри Ахмед Насер Аль-Мухаммед Аль Сабахдын жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Жолугушууда Кыргыз тарап 2022-жылы Кувейтте өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги 3-жыйынын өткөрүүгө кызыкдар экенин ырастап, соода-инвестициялык кызматташтыкты чыңдоого чакырды. Тараптар саясий, соода, инвестициялык, маданий, билим берүү жана башка тармактарда бир катар маанилүү келишимдерди макулдашуу процессин тездетүү жана аларды кол коюуга даярдоо зарылдыгын белгилеп, быйылкы жылы Кыргызстандын президентинин Кувейтке пландаштырылган сапарынын мазмундуу бөлүгүн толтурууну макулдашышкан.

«Жогорку деңгээлдеги иш сапарды уюштуруунун алдында Руслан Казакбаев жогоруда айтылган маселелер боюнча убакытты такташуу үчүн жакынкы аралыкта Кувейтке барууга даяр экенин билдирди. Ошол эле учурда Аль Сабах быйыл май айында Кыргызстанга келүү ниетин тастыктады. Казакбаев эки мамлекеттин жеке түзүмдөрүнүн ортосунда түз өз ара аракеттенүүнү орнотуу жана өлкөлөр ортосундагы соода алакаларын диверсификациялоо максатында Кыргызстанда эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн катышуусунда кыргыз-кувейт бизнес форумун өткөрүүнү сунуштады. Эл аралык жана аймактык коопсуздук маселелерине токтолуп, тараптар Украинанын айланасындагы кырдаалды талкуулашты, ал эми кыргыз тарап жаңжалды сүйлөшүү үстөлүндө саясий-дипломатиялык жол менен гана эртерээк жөнгө салууну жактаарын жана ошондой эле кризисти чечүү үчүн ортомчулук кызматын көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи»,- деп айтылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

581