7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Чек ара кызматынын кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычтарын тапшырды (ФОТО)

491

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-сентябрда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычтарын тапшырды.

Чогулгандар алдында сүйлөп жатып, Мамлекет башчысы өлкөдө бюджеттик чөйрөдө иштегендердин эмгек акылары көтөрүлгөнүн эске салып, ошондой эле пенсия өлчөмүн жогорулатуу пландалып жатканын белгиледи.

«Ар бир адамдын телегейи тегиз, санаасы тынч болушу үчүн, албетте, үстүндө үйү болушу керек. Жарандарыбыз баш калка үчүн Бишкектин айланасын тегерете канчалаган жерлерге үй салып, жаңы конуштар пайда болду. Ал эми чек арачы — аскер кызматчыларыбыз ар дайым Мекен чегин көздүн карегиндей кайтаруу менен алек болуп, үй салууга чолоосу жок эле», — деп Садыр Жапаров, чек арачылардай эле алар жаңы турак-жай алып жатканына кубанычта экенин белгиледи.

Президент эгер бардык Мекен коргоочулар эч нерсеге муктаж болбой, башка керектөөлөрүн ойлобой, бир гана Ата Мекендин коопсуздугу деп кызмат өтөсө, өлкөдө тынчтык өкүм сүрөөрүн баса белгиледи.

Мамлекет башчысы турак-жайды курууга республикалык бюджеттен 100 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөнүн белгиледи.

Садыр Жапаров чек арачылардын кесиби өтө сыймыктуу жана ошончолук жоопкерчиликтүү экенин дагы бир жолу белгилеп, социалдык укуктарын, кепилдиктерди жана жашоо-шартын жакшыртуу багытында активдүү иштер улантыларына ишендирди.

Учурда Шамалды-Сай чек ара отрядынын имаратын кайра реконструкциялоо иштери жүргүзүлүп жатат. Жеке курамды сапаттуу даярдоо максатында бөлүктүн материалдык-техникалык базасы жакшыртылып, окуу-машыгуу иштери заманбап каражаттар менен камсыздалат.

Мамлекет башчысы ошондой эле учурда Баткен облусунда жайгашкан аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөп жаткан аскер кызматкерлеринин айлык маянасын жогорулатуу пландалып жатканын кошумчалады.

«Буюрса, келечекте Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын бардык жеке курамдарынын маянасын көтөрөбүз», — деди ал.

Чек арачылар өз милдеттерин абийир жана акниет менен аткарып жатканын белгилеген Садыр Жапаров, Чек ара кызматы түзүлүп, калыптануу жолунда анын кызматкерлери коңшу мамлекеттер менен чек араны аныктоо, жабдуу иштеринде өз күчтөрү менен чоң-чоң иштерди аткарып келгенине көңүл бурду.

«Ошону менен катар эле чек арага жакын аймактарда жана башка жерлерде туруктуулукту, тынчтыкты камсыз кылып жатасыздар», — деди ал чек арачыларга кайрылып.

Президент жергиликтүү калктын чек ара коопсуздугун камсыз кылуудагы ордун баса белгиледи.

«Мамлекеттик чек араны коргоодо жергиликтүү калк бардык кыйынчылыктарга карабастан, чек арачыларыбызга дем берип, жакшы сөздөрүн арнап, „колуна кол, бутуна бут болуп“ сөзү менен дагы, иши менен дагы колдоп келе жатышат», — деди ал.

Мамлекет башчысы Чек ара кызматынын кызматкерлерин жаңы конуштуу болушу менен дагы бир жолу куттуктап, аларга бактылуу жана бардар жашоо, көз карандысыз, эгемен Кыргызстандын чек арасын татыктуу коргоодо күч аябай кызмат кылууну каалады.

Президент Садыр Жапаров жаңы үйдүн батирлерин көрүп чыгып, мында чогулган жергиликтүү тургундар жана аксакалдар менен баарлашты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

492