7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тузду ашыкча колдонуу ден-соолукка зыян

722

Ден соолугуңуз сак болсун десеңиз анда тузду азайтыңыз.

Туз бул организмге эң керектүү азыктардын бири болуп саналат. Бирок ошол менен бирге эле тузду ашыкча колдонуу ден-соолукка терс таасирин берет.

Адистердин айтуусунда тузду күнүгө 5 грамм колдонуу керек.

Тузду көп колдонуу жүрөк оорусуна, боор жана бөйрөк оорусуна, ошондой эле ашыкча салмакка алып келет.

Жаш балдарга кичинесинен эле тамака аз өлчөмдө туз кошуп берип үйрөтүү керек , анткени кичинесинен үйрөткөн тартипке бала көнүп калат.

Тамак-аштагы туз

Ар кандай түрдөгү жана көлөмдөгү туз дээрлик бардык азыктарда кездешет. Эң туздуу болуп төмөнкүлөр саналат:

— нан;

— колбаса;

— ышталган азыктар;

— фастфуд (гамбургерде 1000 миллиграммдан ашык натрий болушу мүмкүн);

— жарым фабрикаттар;

— бульон кубиктери;

— консервалар;

— кытырак; (чипсы)

— томат ширеси;

— майонез, соя жана башка соустар.

Тузду аз колдонуу үчүн төмөнкүлөргө көңүл буруңуз!  

1.Тамакты жасап жатканда, ага кошулган тузга көңүл бөлүңүз.

2.Туздун ордуна сарымсак, пияз, балгар даамдарын колдонуңуз.

3.Сатып алынган ак нан, пицца, сыр сыяктуу тамак-аштардын өзүндө эле ашыкча туз болгондугун эске алыңыз.

4.Өзгөчө суюк тамак-аш, кайнатмаларга аз өлчөмдөгү туз колдонуу керек.

Кайсы тузду колдонуу эң жакшы? 

Табигый деңиз тузун колдонуу жакшы. Ал пайдалуу микроэлементтерди: магний, калий, кальций, йодду сактап, деңиз суусун буулантуу жолу менен алынат. Даяр тамактарга деңиз тузун кошуу сунушталат. Аш тузунда тазалоо процессинде микроэлементтердин (магний, кальций) белгилүү бир өлчөмү сакталып калат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

723