7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Чолпон-Атада Тажикстандын президенти менен жолукту

347

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-июлда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жолугушту.

Тараптар кыргыз-тажик достук, ынак коңшулаштык жана кызматташтык мамилелеринин абалын жана келечегин ар тараптуу карап чыгышты.

Кыргызстан жана Тажикстандын президенттеринин жакында болуп өткөн мамлекеттик сапарлар менен алмашууларынын жемиштүү жыйынтыктары талкууланды.

Бул контекстте мамлекет башчылары соода-экономикалык кызматташтыкты жана өз ара байланыштардын башка аспектилерин мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешип, эки өлкөнүн ортосундагы мамлекеттик чек ара сызыгын демаркациялоо процессин алдыга жылдыруу маселелерине басым жасашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө ошондой эле аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу темалар боюнча пикир алмашылды.

348