7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барды

388

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-декабрда, Бишкектеги Чыңгыз Айтматовдун Үй-музейине барып, кыргыз элинин чыгаан жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун көзү өткөндөн кийин ыйгарылган Алишер Навои атындагы “Түрк дүйнөсүнүн биримдигине кошкон салымы үчүн” Эл аралык сыйлыкты жазуучунун үй-бүлөсүнө тапшырды.

Эскерте кетүүчү жагдай, ушул жылдын ноябрь айында Самарканд шаарында (Өзбекстан Республикасы) Түрк мамлекеттеринин уюмуна (ТМУ) катышуучу-өлкөлөрдүн башчыларынын Саммитинин тогузунчу жыйынынын алкагында бул сыйлыкты тапшыруу аземи болуп өткөн.

Бул сыйлыкты ыйгаруу ТМУга катышуучу-өлкөлөрдүн Мамлекет башчыларынын кеңешинин Чечими менен кабыл алынган. Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев аталган Эл аралык сыйлыкты Президент Садыр Жапаровго берген.

Мамлекет башчысы жалпы планеталык инсан, улуу адам Чыңгыз Айтматовдун жердеши, мекендеши болгонуна сыймыктанаарын баса белгиледи. Эл аралык деңгээлдеги бул сыйлыкты тапшыруу жана жазуучунун Үй-музейине өткөрүп берүү ал үчүн чоң кубаныч.

Айтматовдун жакындары менен жылуу маанайда баарлашкан Садыр Жапаров, оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөндөн кийинки Үй-музейди жана андагы экспонаттарды көрүп чыкты.

Чыңгыз Айтматовдун уулу Эльдар Айтматов – Президентке музей, атасынын өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу айтып берди.

Ал Садыр Жапаровго өзү келип, берилген сыйлыкты жазуучунун Үй-музейине жеке өзү тапшыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Сүйлөшүүлөр учурунда Мамлекет башчысы менен Элдар Айтматов 2023-жылы жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата боло турган иш-чараны талкуулашты.

Президент Чыңгыз Айтматов – заманыбыздын залкар инсаны экенин өзгөчө белгиледи. Жазуучунун чыгармачылыгы – бул түбөлүктүү мурас жана жалпы мүлк. Жазуучунун мааракесине карата уюштурула турган бардык иш-чаралар жогорку деңгээлде өтүүсү зарыл.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

389