7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Ереван шаарына барды

683

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-ноябрда, Армения Республикасына иш сапары менен барды.

Мамлекет башчысынын учагы «Звартноц» эл аралык аэропортуна конду.

Президент Садыр Жапаровду Армениянын вице-премьер-министри Мгер Григорян тосуп алды.

Аэропорттун флагштокторуна Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө-мамлекеттердин мамлекеттик желектери илинип, килем төшөлүп, ардак кароол тизилди.

Эске салсак, Мамлекет башчысы иш сапардын алкагында ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

684