7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель менен жолукту

471

Президент Садыр Жапаров 22-сентябрда Нью-Йоркто (АКШ) өтүп жаткан Келечек саммитинин талаасында Европа Кеңешинин Президенти Шарль Мишель менен жолугушту.

Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы кызматташтыктын негизги маселелери саясий диалогду жана экономикалык өз ара аракеттенүүнү бекемдөө контекстинде талкууланды.

Ал Кыргызстан Европа биримдигинин өлкөнүн прогрессивдүү жана туруктуу өнүгүүсүн камсыздоого кошкон салымын жогору баалай турганын баса белгиледи.

Шарль Мишель Кыргызстан менен өзгөчө туруктуу өнүгүү жана климаттын өзгөрүүсүнүн күн тартибинин алкагында тыгыз кызматташууну улантууга даяр экенин билдирди.

Тараптар регионалдык жана глобалдык чакырыктарды чечүү үчүн мындан аркы диалогдун маанилүүлүгүн ырасташты.

 

 

472