7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улуттук бакубатчылык фондун түзүү идеясы колдоого алынды

544

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-апрелде, күндүн биринчи жарымында Franklin Templeton Глобалдык инвестициялык-финансылык холдингинин башкы инвестициялык директору Манрадж Секхон баштаган делегацияны кабыл алды.

Өз ара кызыкчылык туудурган кызматташуунун келечектүү долбоорлору тууралуу пикир алмашуу болду. Мамлекет башчысы Кыргызстанда эл аралык каржы уюмдары жана инвесторлор менен ар кандай тармактарда кызматташууга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын баса белгиледи. Кыргыз тарап инвестицияларды тартуу жана ишкердик чөйрөнү жакшыртуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө умтулат. Өз кезегинде Манрадж Секхон өзүнүн ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берди, ошондой эле Кыргыз Республикасында Улуттук бакубатчылык фондун түзүү боюнча идеялары менен бөлүштү.

Фонддун максаты — мамлекеттик ишканаларды башкаруунун натыйжалуулугун жакшыртуу, капиталды жана стратегиялык инвестицияларды тартуу, ошондой эле башка социалдык-экономикалык көрсөткүчтөргө жетишүү болуп саналары айтылды.

Фонд Кыргыз фондулук биржасында жана глобалдык аянтчалардын биринде листингден өткөрүлөт. Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасында Улуттук бакубатчылык фондун түзүү идеясы Садыр Жапаров тарабынан колдоого алынды.

Маалымат үчүн: Franklin Templeton компаниясы 1,5 триллион АКШ доллары активдери менен ири глобалдык башкаруучу болуп саналат. Бул рынокто ал 70 жылдан ашуун убакыттан бери иштеп келе жатат, 150дөн ашуун өлкөнүн кардарларына жардам берип, чоң тажрыйбага ээ жана дүйнө жүзү боюнча акциялар рыногунун чечимдерин камсыз кылат.

545