7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Ала-Арча» көрүстөнүндө Азиз Мурадиллаевдин эстелиги орнотулду

561

«Ала-Арча» тарыхый-мемориалдык көрүстөнүндө Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, кайталангыс образдарды жараткан белгилүү актёр Азиз Мурадиллаевдин эстелиги тургузулду. Бул тууралуу Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынан билдирди.

Эстеликтин ачылышы эртен, 13-апрелде өтөт. Иш-чарага маданият кызматкерлери жана маркумдун жакындары катышат.

Азиз Мурадиллаев 2022-жылдын 17-декабрында узакка созулган оорудан улам 44 жаш курагында дүйнө салган. Ал Ж. Садыковдун “Манастын уулу Семетей” спектаклиндеги Семетейдин образын жаратып, дээрлик 10 жылдан ашуун театр күйөрмандарынын купулуна толуп, сүйүктүү актёруна айланган. Кийин Семетейдин образын жаш муунга өткөрүп берип, өзү Ысмайылдын образын чеберчилик менен алып чыккан. Кайталангыс таланттын ээси кыргыз драматургиясынын эле эмес, дүйнөлүк классикалык чыгармаларда да мыкты образдарды жаратып келген.

562