7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Германиянын Кыргызстандагы Элчиси Габриелла Геллилди кабыл алды

253

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-июнда, Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Габриелла Геллилди анын дипломатиялык миссиясынын аяктаганына байланыштуу кабыл алды.

Мамлекет башчысы Элчиге кыргыз-герман мамилелерин чыңдоого кошкон олуттуу салымы үчүн ыраазычылык билдирип, ал иштеген мезгилде эки өлкөнүн ортосунда саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын жаңы баракчасы ачылганын белгиледи.

Президент саламаттыкты сактоо, билим берүү жана соода тармактарында эки тараптуу кызматташтык прогрессивдүү өнүгүп жатканын баса белгилеп, өзгөчө гуманитардык программалардын маанилүүлүгүн жана ишкердик активдүүлүктүн өсүшүн ырастады.

Өз кезегинде Германиянын Элчиси Габриелла Геллил кыргыз тарапка конструктивдүү жана жемиштүү кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирип, Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында өлкөдө жогорку баага татыктуу алгылыктуу өзгөрүүлөр болгонун белгилеп өттү. Бул контекстте ал өнөктөштүктү, анын ичинде туризм жана билим берүү тармактарындагы алакаларды мындан ары кеңейтүү үчүн зор потенциал бар экенин баса белгиледи.

Жолугушуунун соңунда Президент Садыр Жапаров Габриелла Геллилге келечектеги кесиптик ишмердигине ийгиликтерди каалады.

254