7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Глазго шаарында дүйнө лидерлеринин Саммитине катышат

571

1-2-ноябрда Президент Садыр Жапаров Глазго шаарына иш сапары менен барып, БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясына катышып жана дүйнө лидерлеринин Саммитинде кайрылуу жасайт. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, уюштуруучулар – Улуу Британия Италия менен биргеликте БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын конференциясынын 26- сессиясы 2021-жылдын 31-октябрынан 12-ноябрга чейин Глазгодогу Шотландиялык конгресс-борбордо өтөт.

Тараптардын конференциясы Бириккен улуттар уюмунун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын ишке ашуусуна обзор жана мониторинг жасоого, чечимдерди кабыл алууга жооптуу орган. Ал тараптар деп аталган, Алкактык конвенцияга кошулушкан 197 өлкө жана территорияны бириктирет. Тараптардын конференциясы жыл сайын чогулат. Тараптардын 21-конференциясы 2015-жылдын декабрында Парижде (Франция) өтүп, өзүнүн натыйжасы боюнча тарыхый болуп калды. Анда биринчи эл аралык климаттык келишим жетишилген.

Белгилей кетсек, Саммит аянтчасында Мамлекет башчысы чет өлкөлүк кесиптештери, эл аралык климаттык уюмдардын жана көп тараптуу өнүктүрүү банктардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрөт.

 

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

572