7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Ханкенди шаарындагы ЭКУнун саммитинде сөз сүйлөдү

10

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-июлда Азербайжанга болгон иш сапарынын алкагында Ханкенди шаарында өтүп жаткан Экономикалык кызматташтык уюмунун 17-саммитинде сөз сүйлөдү.

Саммиттин темасы “Ишенимдүү жана климаттык жактан туруктуу келечек үчүн Экономикалык кызматташтык уюмунун жаңы көз карашы” деп аталды.

Президент өз сөзүндө Кыргызстан Экономикалык кызматташтык уюмунун ишмердүүлүгүнө өзгөчө маани берет жана катышуучу өлкөлөрдүн ортосундагы экономикалык кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүү зарылдыгын ырастайт деп белгиледи.

Мамлекет башчы экономиканын өнүгүшү климаттын өзгөрүшүнө тыгыз өз ара байланыштуу экенин белгилеп, бул эки фактор бири-бирине түздөн-түз таасир этерин баса көрсөттү.

Бүгүнкү климаттык шарттарга адаптациялоо максатында президент энергиянын кайра жаралуучу булактарын иштеп чыгууга, энергия натыйжалуулукту жогорулатууга, айыл чарба жана өнөр жай тармактарда акылдуу инфраструктураны түзүүгө күч-аракеттерибизди бириктирип, тиешелүү долбоорлорду ишке ашырууга чакырды.

“Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү, азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу, тоолуу экосистемаларды сактап калуу максаттарында регионалдык жана глобалдык деңгээлде жигердүү кызматташууга даяр. Жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында республика бул багытта Климаттын өзгөрүшү, тоолор жана мөңгүлөр боюнча Декларацияны алга жылдырып жатат. Ошону менен бирге биз «Тоолуу жаштар жана климат» аттуу эл аралык платформаны түзүүнү демилгеледик. 2023–2027-жылдарды камтыган Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча Беш жылдык аракеттердин алкагында бир катар иш-чараларды өткөрүүнү мерчемдеп жатабыз. Анын ичинде 2027-жылы өтө турган «Бишкек+25″ II Глобалдык Тоо саммитин да белгилеп кетет элем», — деди Садыр Жапаров жана делегация башчыларын бул иш-чараларга катышууга чакырды.

Президент Кыргызстанда 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасы бекитилгенин белгиледи, анда негизги артыкчылыктуу векторлор – индустриализация, айыл чарбасын, туризмди, жашыл энергетиканы өнүктүрүү жана өлкөнү регионалдык хабга айландыруу белгиленген.

Бул максаттарга жетүү үчүн Кыргызстан бир катар стратегиялык жана экономикалык жактан негизделген долбоорлорду ишке ашырууда.

Мамлекет башчысы өлкө инфраструктураны, санариптик технологияларды, энергетиканы жана логистиканы активдүү өнүктүрүп жатканын, ошол эле учурда аймактык интеграцияны жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоого умтулуп жатканын баса белгиледи. Ал мындай долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу туруктуу өнүгүүгө, экономикалык байланыштарды чыңдоого жана аймактын элдеринин бакубаттуулугун жогорулатууга өбөлгө болоруна ишенимин билдирди.

Президент Садыр Жапаров сунуштар катары чек арадан өтүү жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү, тарифтерди унификациялоо, логистиканы санариптештирүү, ошондой эле деңизге чыга албаган өлкөлөр үчүн жагымдуу шарттарды түзүү зарылдыгын белгиледи.

Жыйынтыгында ал Кыргызстандын Экономикалык кызматташтык уюмунун алкагында конструктивдүү диалогго жана координацияланган иш алып барууга даяр экендигин баса белгиледи. Президент жолугушууда айтылган демилгелер жалпы жыргалчылык үчүн ишке ашырылат деген үмүтүн билдирди.

Белгилей кетсек, иш-чарага Азербайжан, Афганистан, Иран, Пакистан, Казакстан, Тажикстан, Түркия, Түркмөнстан жана Өзбекстан мамлекеттеринин жана өкмөттөрүнүн башчылары катышты.

11