7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров иш сапары менен Абу-Даби шаарына барды

683
  1. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-октябрда, иш сапары менен Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) Абу-Даби шаарына барды.

Мамлекет башчысынын учагы Абу-Даби шаарындагы эл аралык аэропортуна конду.

Флагштокторго Кыргызстан менен БАЭ туулары илинип, килем төшөлүп, ардак кароол тизилди.

Ушул эле жерде Президент Садыр Жапаров менен БАЭ энергетика жана инфраструктура министри Сухэйл бин Мохаммед Фарадж Фарис Аль Мазруэй менен кыскача баарлашуу болду.

Эске салсак, иш сапардын алкагында Мамлекет башчысы БАЭнин жогорку жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

684