7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров иш сапары менен Анкара шаарына барды

502

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-мартта, иш сапары менен Анкара шаарына келди.

Мамлекет башчысынын учагы Анкара шаарындагы «Эсенбога» эл аралык аэропортуна келип конду.

Аэропорттун флагштокторуна Кыргыз Республикасынын жана Түркия Республикасынын туулары илинип, ардак кароол тизилген.

Эске салсак, иш сапарынын алкагында мамлекет башчысы Түрк мамлекеттеринин уюмуна катышуучу-өлкөлөрдүн башчыларынын кезексиз саммитинин жыйынына катышат.

Ошондой эле, сапардын алкагында Садыр Жапаров менен Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

503